Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Чүй

Эл ичи — өнөр кенчи: Ж.Туратова вокалдык теледолбоорго катышып, алдыңкы орунду багындырган (фото)

Turmush -  Жанар Туратова республикалык «Асман» вокалдык теледолбооруна катышып, 300 таланттуу ырчылардын арасынан алдыңкы орунду жеӊип алды. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Жаш ырчы 1994-жылы Бишкек шаарында төрөлүп, Ысык-Ата районунун Люксембург айылында чоӊойгон.

«Мен Люксембург айылындагы Я.Я.Ваккер атындагы орто мектебин аяктап, М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында билим алгам. Учурда Кыргыз улуттук К.Молдобасанов атындагы консерваториясынын элдик ырдоо бөлүмүнүн 4-курсунда окуйм», - деди жаш талант.

«Асман» теледолбооруна алгач 300 адам келип, анын ичинен 57 мыкты ырчылар гана сыналгыга чыгууга мүмкүнчүлүк алышкан.

«Республикалык вокалдык теледолбооруна катыштым. Бул долбоорго өлкөбүздүн бардык региондорунан таланттуулар келишти. Жалпы 300 адам катышты, анын ичинен 57 киши кийинки турга өттү. 4-турдан финалга 3 киши чыкты. Алардын катарында мен дагы болдум. Элдин добушу аркылуу жеӊүүчү болуп аталдым. Сынак сентябрь айында башталып, январь айында аяктады. Албетте, ар бир тур толкундануу менен өтүп жатты. Мен анда өзүмдү ар кайсы жанрларда ырдап, сынап көрдүм.

Жарым финал 2 бөлүк менен өттү. Биринчи бөлүгүндө жеке ыр менен чыгууда "Айкөл Манас" аттуу чыгарманы аткардым. Экинчисинде Аксай Мукамбет уулу менен "The prayer" чыгармасын дуэт аткардык», - деди ал.

Финал учурунда Жанар айымдын эсинен кетпеген окуя болуп өткөн.

«Финалда толкундоолор, укмуштуудай сезимдер болуп жатты... Мен бир ырымды аткаргандан кийин экинчи номурга тез арада кийим алмаштырып, кайра сахнага чыгышым керек болчу. Бирок менин колготкимди башка бирөө кийип, сахнада ырдап жүрүптүр. Менин көйнөгүм кыска жана түсү кара болчу. "Эми кантип чыгам? Жылаӊач чыгамбы?" деп ызы-чуу түшүп чуркап жүрсөм, коридордон белгилүү диктор Элмара Турсуналиева "эмне болду?" деп сурап калды. Жагдайды айтсам, тез арада жаӊы колготки сатып алып келип берди. Элмара эжеге чоң ыраазычылык билдирет элем», - деди ал.

Жаш талант үй-бүлөдө беш бир туугандын экинчиси.

«Мен үй-бүлөдө беш бир туугандын экинчиси болом. Мага дем-күч берип, колдоп турган ата-энеме жана чоӊойтуп тарбиялаган Шааркүл апама чоӊ ыраазычылыгымды билдирем. Келечекте эл аралык сынактарга катышып, кыргыздын маданиятына өз салымыбызды кошсойм дейм. Бул жыл мүчөлү жылым. Андыктан жеӊиш менен башталганын жакшыга жоруп жатам. Бул алгачкы тепкичим. Мындан ары да ийгиликтерди багындырууга талыкпай эмгектенем», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1335
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×