Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Баракелде, Дүйнө 14.02.2018 11:38 На русском

Жаш жигит Санкт-Петербургда 11 жаштагы кыргызстандык баланы кайненесинен өч алуу үчүн өлтүргөн, - ЖМК

Turmush -  Россиянын Санкт-Петербург шаарында 11 жаштагы кыргызстандык баланын өлүмүнө шектелип жаткан жаран күнөөсүн мойнуна алды. Ал жаш баланы кайненесинен өч алуу максатында өлтүргөнүн россиялык «Аргументы и факты» гезити жазып чыкты.

«Кыргызстандык 41 жаштагы Мадумаров Петербургга иштөө үчүн жакында эле келген. Ал жердеши менен бирге батирге чыгып, иштөөгө уруксат алган. Андан кийин анын жубайы, уулу жана кызы күйөөсү менен келген. Алар 29-январь күнү Кыргызстанга кетиши керек болчу. Бирок алар кетээрге 3 күн калганда Мадумаровдун 11 жаштагы уулу Салмон жоголуп кеткен. Салмондун атасы полицияга кайрылган», - деп жазылган аталган гезиттеги макалада.

Издөө учурунда Мадумаровдордун күйөө баласы Д.Жалилов полицияга баланын жоголуусуна анын апасынын тиешеси бар болушу мүмкүн экенин айткан. Анын айтымында, Салмондун ата-энеси баланы диний мектепке берүү тууралуу бир пикирге келе албай жатышкан. Д.Жалилов кайын энесинин өтүнүчү менен баланы белгиленген жерге алып барганын билдирген. Ал жерден Салмонду алып кетип, убактылуу катып коюшмак.

«Сурак учурунда Д.Жалилов баланы өлтүргөнүн мойнуна алды. Салмондун денеси шектүү айткан жерден — үйдөн 2,5 чакырым алыстыктагы ээн жерде табылды. Ал баланы кайын энесинен (Салмондун апасы) өч алуу максатында өлтүргөнүн билдирди. Д.Жалиловдун ою боюнча, кайын энеси анын жоошосуна кийлигишип турган. Ал күйөө баласын жумушка орноштурууга аракет кылып, жаш үй-бүлөгө жардам берип, күйөөсүн унааны ага берүүгө көндүргөн», - деп жазылат гезиттеги макалада.

Буга чейин АКИpress агенттиги ИИМге шилтеме берүү менен Санкт-Петербург шаарында 11 жаштагы кыргызстандык баланын денеси табылганын маалымдаган.

Маалыматка караганда, каза болгон бала Россияга апасы экөө болжол менен 1 ай мурун келген. Анын жоголгондугу тууралуу арыз атасынан — Кыргызстандын 41 жаштагы жаранынан 26-январь күнү кечинде түшкөн. Ал кичи автобустун айдоочусу болуп иштейт. 28-январь күнү Санкт-Петербургдун тергөө комитети 11 жаштагы баланын жоголуусу боюнча Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иш козгогон.

Москва райондук соту 5-февралда тергөө комитетинин өтүнүчүн канааттандырып, баланын 39 жаштагы энеси жана анын 23 жаштагы күйөө баласы камакка алынган. Буга чейин 11 жаштагы баланын жүргөн жери белгисиз болуп жаткан.

Россиянын ички иштер министрлиги уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү координациясы жана Кыргызстандын ИИМнин Россиядагы өкүлчүлү менен бирге кылмыштын бетин ачуу үчүн ыкчам издөө иш-чараларын жүргүздү. Анын жыйынтыгында 6-февраль күнү жоголгон бала өлтүрүлгөнү аныкталып, денеси табылды. Алдын ала маалыматтарга караганда, баланы муунтуп өлтүрүшкөн.

Аталган оор кылмышты жасоого Кыргызстандын 1995-жылы туулган жараны (Ош шаарынын тургуну) Ж.Д. шектелип жатат. Кармалган жигит көз жумган баланын ата-энесинин күйөө баласы экени такталды. Шектүү аны өлтүргөндөн кийин денени унаа менен «Купчино» метросунун артындагы ээн жерге алып барган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×