Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Нарын

Ак-Талаада эркин күрөштүн жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылында Аймактарды өнүктүрүү жылына карата өткөрүлгөн эркин күрөш боюнча чоң мелдешке 174 балбан катышып, анын ичинен 44 балбан жеңишке жетишти. Бул тууралуу «Тайлак баатыр» балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директору Билимбек Капарбек уулу аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, 11-февраль күнү аталган айылда «Шерине» аталыштагы мелдешти айылдын спорт инструктору Кылычбек Иманалиев спорт мектеби менен биргелешип өткөргөн. Мелдештин максаты жаш балбандарды республикалык, облустук олимпиадаларга тандоо жана даярдоо, жаштарды спортко кызыктыруу, шыктандыруу менен бирге дени сак жашоого үндөө болуп саналат.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

20 кг салмак боюнча:

1-орун Улан Олжобаев, Кош-Дөбө айылы;
2-орун Акылман Азаматов, «Тайлак баатыр» балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби;
3-орун Амирхан Капарбеков, «Тайлак баатыр» балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби.

23 кг салмак боюнча:

1-орун Адис Абдымажит уулу, «Тайлак баатыр» балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби;
2-орун Кутман Асаналиев, «Тайлак баатыр» балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби;
3-орун Султан Сейитказиев, «Тайлак баатыр» балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби.

25 кг салмак боюнча:

1-орун Кубанычбек Бекказиев, Жаңы-Талап айылы;
2-орун Бексултан Кубанычбеков, Ак-Тал айылы;
3-орун Артур Алсейитов, Ак-Кыя айылы.

27 кг салмак боюнча:

1-орун Тынчтыкбек уулу Эрдан, Жаңы-Талап айылы;
2-орун Төрө Саалиев, «Тайлак баатыр» балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби;
3-орун Эрнис уулу Арген, Ак-Кыя айылы.

30 кг салмак боюнча:

1-орун Давид Эсенгулов, Ак-Тал айылы;
2-орун Канатбек уулу Самат, Ак-Тал айылы;
3-орун Рахат уулу Султан, Ак-Тал айылы.

34 кг салмак боюнча:

1-орун Алихан Билимбеков, Баетов айылы,
2-орун Бекбосун Бекказиев, Жаңы-Талап айылы,
3-орун Турарбек уулу Алмаз, «Тайлак баатыр» балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби,

38 кг салмак боюнча:

1-орун Камчыбек уулу Алишер, Ак-Тал айылы;
2-орун Нариман Садырбеков, Ак-Кыя айылы;
3-орун Айдарбек уулу Элдияр, Жаңы-Талап айылы.

42 кг салмак боюнча:

1-орун Казыбек Өмүркулов, Баетов айылы;
2-орун Узак уулу Чыңгыз, «Тайлак баатыр» балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби;
3-орун Нурлан уулу Жаныбек, Кош-Дөбө айылы.

45 кг салмак боюнча;

1-орун Кайрат Бактыбеков, «Тайлак баатыр» балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби;
2-орун Дөөлөтбек Акылбеков, Жаңы-Талап айылы;
3-орун Ильичбек уулу Нурлан, Жаңы-Талап айылы.

48 кг салмак боюнча:

1-орун Жумаалы уулу Калданазар, Баетов айылы;
2-орун Чубак уулу Ислам, «Тайлак баатыр» балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби;
3-орун Сүйүнаалы уулу Максат, Кош-Дөбө айылы.

51 кг салмак боюнча:
1-орун Манат Раззаков, «Тайлак баатыр» балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби;
2-орун Таалайбек уулу Улукбек, Баетов айылы;
3-орун Айдар Эмилбеков, Жаңы-Талап айылы.

55 кг салмак боюнча:

1-орун Майрамбек уулу Нурсамат, «Тайлак баатыр» балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби;
2-орун Алмамбет уулу Аттокур, Ак-Тал айылы;
3-орун Эрнис уулу Бектурсун, Ак-Кыя айылы.

60 кг салмак боюнча:

1-орун Жумабек уулу Эрлан, «Тайлак баатыр» балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби;
2-орун Алишер Айылчиев, Баетов айылы;
3-орун Нарынбай Залкарбеков, Жаңы-Талап айылы.

65 кг салмак боюнча:

1-орун Марат Каныбеков, Ак-Кыя айылы;
2-орун Кубатбек уулу Жеңиш, Ак-Кыя айылы;
3-орун Тилеген уулу Азамат, Ак-Кыя айылы.

71 кг салмак боюнча:

1-орун Бактыбек уулу Азамат, Ак-Тал айылы;
2-орун Максатбек уулу Сыймык, Ак-Кыя айылы.

Жеңишке жетишкен балбандарга диплом жана медаль ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 565
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×