Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Чүй облусуЖайыл району 13.02.2018 09:28

Бишкек—Ош жолунда эки унаа кагышып, 37 жаштагы айдоочу каза болду

Turmush -  Жайыл районунун аймагында жол кырсыгы болуп, бир адамдын өмүрү кыйылды.

ӨКМдин маалыматы боюнча, окуя бүгүн, 13-февралда саат 03:05 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 64-чакырымында «Дэу Нексия» (мамлекеттик номуру XС 463 E 77 RUS) үлгүсүндөгү унаа менен «Хонда Одиссей» (мамлекеттик номуру O 46-33 G) унаасынын катышуусунда болгон.

Эки унаанын кагышуусунун кесепетинен «Дэу Нексия» унаасынын айдоочусу — 1981-жылы туулган П.Э.О. кырсык болгон жерден каза болгон. Экинчи унаадагы 5 адам жаракат алган жок. Учурда кырсыктын себептери такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×