Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-апрель
Баракелде

Жалаң мырза, жалгыз кыз: Кышкы Олимпиаданын ачылышында Кыргызстандын желегин кимдер алып чыгышты? (фото, тизме)

Turmush -  Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында 9-февралда кышкы Олимпиада оюндарынын ачылышы өтүп, кыргызстандык делегация дагы катышты. Олимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан 2 спортчу — тоо лыжачы Евгений Тимофеев жана лыжачы Тариэл Жаркымбаев жолдомо алышкан. Ачылыш аземде өлкөнүн желегин Тариэл Жаркымбаев көтөрүп чыкты.

Олимпиадага жөнөтүлгөн Кыргызстандын расмий делегациясынын курамы (6 адам):

- спортчу Евгений Тимофеев;

- спортчу Тариэл Жаркымбаев;

- машыктыруучу Игорь Борисов;

- машыктыруучу Александр Левданский;

- Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин кызматкери Алия Калыбекова;

- Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин кызматкери Адилет Баяман уулу.

Маалым болгондой, таймаш 18 күнгө созулуп, спорттун 7 түрү боюнча 102 топтом медаль ойнотулат.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2295
Көп окулду
×