Бөлүмдөр
Жума, 23-февраль
Баракелде

Видео - Бишкекте 2 аялды сүзгөн «Мерседестин» айдоочусу качып кетүүгө аракет кылган

Turmush -  Бишкек шаарындагы Манас менен Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн 2 аялды унаа сүзүп кетти. Окуя кечээ, 11-февралда «Мерседес» унаасынын катышуусунда болгонун «Репортер» күбөлөргө шилтеме берүү менен маалымдады.

Видеодо унаа катуу ылдамдыкта бар жатканын көрүүгө болот. Айдоочу башкарууну жоготуп, унааны бурууга аракет кылган. Бирок жетишпей калып, жөө жүргүнчүлөрдү унаа арткы бөлүгү менен урган.

Күбөлөр айдоочу окуя болгон жерден качып кетүүгө аракет кылганын билдиришти. Учурда жабыркагандар жана кырсыктын чоо-жайы такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1166
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×