Бөлүмдөр
Жекшемби, 27-май
Баракелде

Жогорку Кеңештеги комитеттин бөлүм башчысы камакка алынды

Turmush -  Жогорку Кеңештин Эл аралык мамилелер, коргоо жана коопсуздук комитетинин бөлүм башчысы А.З. камакка алынды. Бул маалыматты бүгүн, 9-февралда УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, парламенттин бюджетинен 2 млн сомдон ашык каражатты ээлеп алуу фактысы боюнча Жогорку Кеңештин Аппаратынын кайрылуусунан кийин УКМК текшерүү иштерин жүргүзгөн. Анын жыйынтыгы менен топтолгон материалдардын негезинде Башкы прокуратура КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси (ишенип берилген мүлктү пайдалануу же ээлеп алуу) жана 350-беренеси (жасалма документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү жасоо, даярдоо же пайдалануу) менен кылмыш ишин козгогон.

Кылмыш иштин негизинде шектүү катары комитеттин жетекчиси колго түшүрүлдү. Шектүү УКМКнын тергөө изоляторунда камакка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Сүрөт Жогорку Кеңештин расмий сайтынан алынды

ЖК комитетинин камакка алынган башчысы З.К.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5903
Көп окулду
×