Бөлүмдөр
Бейшемби, 16-август
Ош

65 жаштагы Зайна Базарбаева 175 жылкы багып, жайлоого төөлөрү менен көчөт (фото, видео)

Turmush -  Өзгөн районундагы Мырза-Аке айылынын тургуну Зайна Базарбаева өлкөдөгү жалгыз жылкычы айым. Ал 21 жыл аралыгында өзүнүн «Касым-Ата» асыл тукум жылкы заводун өнүктүргөнгө жетишкен. Алгач 26 жылкы баккан фермада учурда 175 баш жылкы бар. Ал асыл тукум жылкы заводуна атасынын ысымын ыйгарган.

Зайна Базарбаева Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, асыл тукум жылкыларды өзү чет өлкөлөрдөн тандап алып келет. Анын атын угуп, өлкөнүн аймактарынан, чет өлкөлөрдөн издеп келген кардарлары да бар. Жылкычы айым 65 жашка келгенине карабай жыл сайын жайы менен жайлоого чыгып, төөлөрдү да багууга жетишет.

«Кыргызды мен дүйнөдөгү калктардын улугу, улуу калк деп эсептейм. Төөлөр дагы кыргыз менен бирге жашап, бирге келе жатат. Жаш кезимден эле төө багууну кыялданчумун. Өзүм боз үйлөрдү жасайм, жайлоого барганда кыргыздын улуу көчүндөй кылып жүктөрдү төөгө, аттарга артып чыкканды жактырам.

Жаштыгымдан мал чарбасы менен өсүп, СССР тарагандан кийин ар кимибиз өзүбүздүн каалообуз менен иш баштадык. Мен 20 жыл ичинде асыл тукум жылкы заводун түптөдүм. Чарбанын иши өтө кыйын. Кыйынчылыктар менен кошо күрөшүп келе жатабыз. Башында санына иштедик, акырындап сапатына өтө баштадык. Мурун 800 кой, 200 бодо малыбыз бар эле. Азыр бир багыттуу жылкыга өттүм», - деди З.Базарбаева.

Зайна Базарбаеванын 2 уул, 4 кызы жана 20 небереси бар. Балдарынын ичинен жылкыга кызы Маргуба жакын. Учурда Зайна айымдын ишин Маргуба улап келет. Ал 3 баласы менен бирге жылкыларды өз балдарындай карап, убагында суу берип, чөбүн салышат.

«Балдарым менен 6 жылдан бери жылкыларды карап жатабыз. Жылкы колго тез үйрөнгөн жаныбар. Биз жайлоодон келгенден кийин кулундарын энелеринен бөлүп карайбыз. Болбосо кулундар энесин эмип, арыктатып салышат. Убагында өзүбүздүн ветеринарлар ооруларга каршы эмдеп турушат. Булардын сакоо оорусу бар. Ал кадимки ангинага окшош. Дароо эле тамактары шишип, жөтөлүп калышат.

Мал багуу оңой иш эмес. Апамдын жолун жолдоп, ишин улантайын деп аракет кылып жатам», - деди Маргуба Базарбаева.

Фермадагы жылкылардын басымдуу бөлүгү СССРдан калган асыл тукум жылкылардын тукумунан. Россиядан алынып келген Орлов тукумунун, жаңы кыргыз тукумунун жылкылары, Ысык-Көл саргашкасы дагы бар. Ар бир малдын анын асыл тукум экенин далилдеген китепчеси да болот.

«Ар бир малды үйүргө бөлүп жазабыз, ар бир малдын документи бар. Жакшы төл алуу үчүн жылкылар 20-декабрдан тарта 20-мартка чейин короодо орто салмакта багылат. Бир күндө 50-70 түк чөп берсек, жылына 6 миң түк (беде, эспарцет) чөп камдайбыз. Жетпей калганын сатып алабыз», - деди З.Базарбаева.

Жылкы сатып алуу үчүн коңшу мамлекеттерден издеп келишип, улак тартыштарга да атайын сатып алгандар болот.

«Алгачкы жылдары жылкыларды асылдандыруу үчүн мыктыларын баасына карабай сатып алчумун. Бир баш жылкыны 25 миң долларга сатып алган учурлар да болду. Бир ирет тааныш эмес жылкычыга барсам, "бул жылкы Өзгөндөгү Зайна эженин жылкыларынан болот, сиз тааныбайсызбы?" деп өзүмө суроо салган. Мындай кызыктуу учурлар болуп турат.

Буга чейин эң кымбат жылкыны 12 миң долларга чейин саткам. Менден алган жылкыларды көк бөрүгө таптап, 50 миң долларга чейин саткандар бар экенин угуп жүрөм», - деди жылкычы айым.

Ал өзүнүн кылган иши менен сыймыктанат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 11808
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×