Бөлүмдөр
Бейшемби, 16-август
Баракелде

Тажикстанда ИИМдин кадрлар башчысы кызматында калуу үчүн 15 кг арыктады

Turmush -  Тажикстандын ИИМнин башчысы Рамазон Рахимзода ички иштер органдарынын ашыкча салмакка ээ болгон кызматкерлерин жумуштан бошотуу тууралуу буйругу бүгүнкү күнгө чейин күчүндө экенин билдирди, деп жазды Asia-Plus басылмасы.

«Тажикстандын ИИМнин кадрлар башкармалыгынын жетекчиси Сухроб Рахмонзода аталган буйрук кабыл алынгандан кийин 15 килограммга арыктады», - деди министр.

Р.Рахимзода белгилегендей, ашыкча салмактан улам 20 милиция кызматкери ээлеген кызматынан четтетилди. «Алар арыктагандан кийин кызматына кайра келет», - деп убадалады ИИМдин башчысы.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жумасына үч жолу 5 чакырым чуркашат. «Биздин кызматкерлердин салмагы жаш жана бой боюнча эл аралык таблицага ылайык келиши керек», - деп билдирген Р.Рахимзода өзү да спорт менен машыга турганын кошумчалады.

____

Ошондой эле, Казакстанда да ашыкча салмакка ээ болгон полиция кызматкерлерин жумуштан бошотуу тууралуу буйрук 2012-жылы чыккан. Аталган өлкөнүн ИИМнин башчысы Калмуханбет Касымов полиция кызматкерлерине ашыкча салмак менен күрөшүүнү тапшырып, эгер аткарылбаса жумуштан бошоторун убадалаган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин Казакстанда полиция кызматкери ашыкча салмактан улам кызматынан бошотулганы маалымдала элек.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2143
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×