Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-февраль
Баракелде

Бишкектин Биринчи май районундагы 7 көчөнү жарыктандыруу пландалууда

Turmush -  «Бишкексвет» муниципалдык ишканасы Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы 7 көчөнү жарктандырууну пландап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда райондун бюджети боюнча отурумда ишкананын жетекчиси Азамат Кожомкулов билдирди.

Биринчи май районунун жашоочусу оңдолгон көчөлөрдүн көбүнө жарык орнотулбаганын билдирди. Ал Кайназарова көчөсүнүн 1 чакырым аралыгына асфальт төшөлбөй жатканын белгиледи.

«Бишкекасфальтсервистин» маалыматына караганда, 2018-жылы Күрөңкеев, Малышев, Мыскал, Волков, Береговая жана Тыныстанов көчөлөрүн оңдоп-түзөө пландалган. «Биз Дэн Сяопин жана Профсоюз көчөлөрүнүн ортосундагы Кайназарова көчөсүн оңдоп, ошондой эле тротуар жасадык», - деп жооп берди А.Кожомкулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 672
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:23,   24.02.2018   ( 2 адам окуп жатат)
×