Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Баракелде

Тажик тарап чек арадан унааларды, жүктөрдү өткөрүүнү токтотту

Turmush -  Тажик тарап чек арадагы «Кулунду», «Кайрагач» көзөмөл-өткөрмө пункттарында унааларды жана жүктөрдү өткөрүүнү бир тараптуу түрдө убактылуу токтотту. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, «Кулунду» эл аралык пункт болгондуктан ал жерден үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары өткөрүлө берет.

Мындан тышкары тажик тарап бүгүн, 8-февралда Лейлек районунун Сай аймагында аскерлердин санын көбөйттү.

«Тургундар Сада (Гуляндоз) каналы аркылуу окуучулар өтүшү үчүн көпүрө курушкан. Анткени алар мектепке баруу үчүн узун жолду айланып каттоого мажбур болушчу. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, тажик чек арачылары окуучулардын катташына кыйынчылыктарды жаратат.

Учурда Кыргызстан менен Тажикстандын өкүлдөрү жолугушуп, чек арадагы абалды жөнгө салуу маселесин талкуулаганы жатат. Учурда абал тынч», - деп айтылат маалыматта.

Окуя тууралуу:

Turmush басылмасына бүгүн, 8-февралда тажик чек арачылары Максат—Кулунду жолунунун Лейлек районунун Сай аймагындагы көпүрөсүн тосуп алууга аракет кылышкандыгы белгилүү болду.

Маалыматка караганда, Кулунду айылынын ылдый жагында 24 кожолук жашаган айыл бар.

«Ошол жердеги айылга өтүүчү Максат—Кулунду көпүрөсүнүн астына окуучулар өтүү үчүн контейнер орнотконбуз. Ал жерден жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жол куруу керек болуп жатат. Ошол жердеги контейнерди алгыла деп тажик тараптын аскерлери Максат—Кулунду көпүрөсүн тосуп алыптыр. Азыр аларды биздин чек арачылар артка кайтарды», - деди Максат айылынын башчысы Сапарали.

Учурда Максат айылында абал тынч. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аталган жайда жүрүшөт.

Тасма жергиликтүүлөр тарабынан тартылды

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1216
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×