Бөлүмдөр
Жума, 23-февраль
Баракелде

Россия Кыргызстандын 240 млн доллар карызын кечти

Turmush -  Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Кыргызстан менен Россиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы карызга байланыштуу макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду.

РБК басылмасынын кечээ, 5-февралдагы маалыматы боюнча, тараптар карыздарды жоюу боюнча 2017-жылдын июнь айында мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин иш сапары учурунда келишкен. Андан кийин бул сунушту Россиянын Мамдумасы колдогон. Ратификацияланган мыйзамдын негизинде Россия Кыргызстандын 240 млн доллар өлчөмүндөгү карызын кечет.

Басылманын билдирүүсү боюнча, карыздын биринчи бөлүгү — 188,9 млн доллар. Андан Россия 2013-жылы баш тарткан. Аны менен Кыргызстандын дагы 300 млн доллар карызы калган. Андан кийин жыл сайын 30 млн доллардык карызды жокко чыгаруу келишилген. 2017-жылдын майында карызды толугу менен жоюу сунушталып, 60 млн доллар гана жоюлган.

«Кыргыз тараптан кайрылуу болду. Биз өнөктөштөрүбүз менен жолугушуп, бүгүнкү күндө 240 млн доллар карызды жокко чыгаруу келишимине кол коюлду», - деди Россиянын финансы министри Антон Силуанов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 744
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×