Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-февраль
Баракелде

Күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаайт, - 6-февралга карата аба ырайы

Turmush -  Эртең, 6-февралда түнкүсүн айрым аймактарда кар жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым райондорунда кар жаашы мүмкүн, деп билдирди Кыргызгидромет. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө
түнкүсүн -10...-15
күндүз -2...-7

Талас өрөөнүндө
түнкүсүн -12...-17
күндүз -3...-8

Ош жана Жалал-Абад облустарында
түнкүсүн -5...-10
күндүз 0...+5

Баткен облусунда
түнкүсүн -5...-10
күндүз 0...+5

Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн -9...-14
күндүз -3...+2

Нарын облусунда
түнкүсүн -21...-26
күндүз -7...-12

Бишкек шаарында 6-февралда күндүз жана 7-февралда түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн -10...-12 градус, күндүз -3...-5 градус болот. Ош шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -5...-7 градус, күндүз +1...+3 градус болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 715
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:23,   24.02.2018   ( 2 адам окуп жатат)
×