Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-февраль
Баракелде

Шашылыш билдирүү: Тоолуу аймактарда кар күрткүлөр жаралат

Turmush -  5-фералга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачындарга байланыштуу Бишкек–Ош унаа жолунун 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) кар күрткү болушу мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, мындан тышкары Мырза-Аке–Кара-Кулжа–Алайкуу унаа жолунун 45-90-145-150-чакырымдарында, Тамчы аймагынын 74-78-чакырымдарында кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Буга байланыштуу унаалардын ортосундагы 500 метр аралык чектелиши зарыл.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 488
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:23,   24.02.2018   ( 3 адам окуп жатат)
×