Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Баракелде

4-9-февралга карата болжолдонгон аба ырайы

Turmush -  Эртең, 4-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

5-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

6-февралда айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
7-8-февралда айрым жерлерде бир аз кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.

9-10-февралда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы бир аз жогорулайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1426
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×