Бөлүмдөр
Ишемби, 26-май
Баракелде

Сапар Исаков катышкан жыйындын алдында Алматанын көчөсүндөгү карды «агартууга» аракет кылышкан (видео)

Turmush -  Социалдык тармактарга Алмата шаарынын коммуналдык кызматкерлери көчөдөгү карды ак кылып көрсөтүүгө аракет кылып жатышканы тууралуу видеотасма тарады.

«Эгерде сенин шаарыңа Россиянын премьер-министри келип, ал эми кар таза эмес болсо эмне кылуу керек? Аны (карды) жөн гана оодарып кой!», - деп жазган видеонун автору.

Айрымдар карды тезирээк ээриши үчүн атайын оодарып жатышканын айтышкан.

Алмата шаарында 2-февралда өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков да катышкан. Жыйында Армения, Беларусь, Казакстан жана Россиянын өкмөт башчылары да болушту.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3026
Көп окулду
×