Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Баракелде

Кыргыз кинематографиясындагы алгачкы мюзикл: «Дарак ыры» накта кыргыз мүнөздүү, өзгөчө тасма болду, - режиссер А.Дайырбеков (маек)

Turmush -  Кыргыз кинематографиясынын тарыхында чоң бурулуш болуп, «Дарак ыры» аталышындагы мюзикл тартылды. Мюзиклдин режиссеру Айбек Дайырбеков менен Turmush басылмасынын кабарчысы маек курду.

- Айбек Үсөнбекович, жакында эле алгачкы «Дарак ыры» аттуу мюзикл тартылды. Эмне себептен буга чейин бизде мюзикл тартылган эмес деген суроого жооп алгыбыз келди.

- Буга чейин кыргыз режиссерлору эмне себептен мюзикл тартууга бел байлап көрбөгөнүн билбейм. Болжолдоп гана айта алам. Анын бирден бир себеби — кыргыздарда бий жок деп келгенибизде. Акыркы жылдары гана «Кара жоргону» улуттук бий катары бийлеп жатабыз. Ал эми, классикалык «Беш ыргай» бийи совет доорунда ойлонуп табылган. Салтка айланган, элдин канына, күнүмдүк турмушка сиңген бий жок болгондуктан мюзикл тартылбаса керек. Бирок театрларда сахналаштырылып жүргөн мюзиклдер бар. Негизи эле Орто Азия боюнча мюзикл абдан аз экен. СССР убагында Тажикстанда бир мюзикл тартылыптыр. Көрсө бул өтө татаал жанр экен. Мен деле мындан кийин дагы мюзикл тартамбы айта албайм. Себеби тартуу иштеринде абдан кыйналдык. Костюмдар, актерлорду коштогон кошумча адамдар керек экен. Ошондой эле, актерлор ырдаганды, бийлегенди билиши зарыл. Көп диалогдорду ырга айланттык.

Сценарий жазылып бүткөндөн кийин редактор карап чыкты. Андан кийин акын Бактыгүл Чотурова эжеге кайрылып, ал сөздөрдү ырга айландырып берди. Жалпысынан 600гө жакын ыр сап жазылды. Ошондой эле, Жолдошбек Апасов тасма үчүн 17 ырга обон чыгарды. Алардын арасынан иргелип отуруп, тасманын финалдык вариантында 13 обонго салынган 200 сап ыр кирди.

- Мюзикл алгачкы жолу тартылды деп жатабыз. Деги эле кыргыз кинематографиясындагы жанрлар боюнча алып караганда абал кандай?

- Бизде негизинен драма жанрындагы тасмалар тартылып келген. Башка жанрларга азыраак көңүл бурулган. Мисалы, балдарга арналган тасма тартылган эмес. Бирок жакында балдарга арналган бир катар тасма жарык көрдү. Учурда өлкөдө кинематография өнүгүп жатат дегенибиз менен көп жанрлар унутулуп калган. Мисалы кыргызча тартылган мультфильм жок. Кыска метраждуу «Көз айнекчен» («Очкарик») тасмасын эске албаганда толук метраждуу балдар тасмасы жок. Жомоктор таптакыр тартылган эмес. Мюзиклге деле ошол сыяктуу көңүл бурулбай калган.

- Айрым тасмаларда актерлордун аткарганын көрүп, көрүүчүлөр уялып кетет. Эмне себептен режиссер буга көңүл бөлбөйт же бизде тааныш-билиш менен тасмага тартылабы?

- Мамлекет колдобогон, бюджети 20 миң долларлык тасмалар кантип тартылсын? Каражат жок болсо кесипкөй актерлорду чакыра албай, акысыз аткарган тааныштарын чакырышат. Мен деле тасмама акча таба албай калсам, айла жок ар кимди чакырганга аргасыз болмокмун. «Дарак ыры» мюзиклине абдан көп каражат кетти. Анын жарымын россиялык продюсерлер каржылады. Ар бир профессионалдуу жасалган эмгек акча талап кылат.

- Мюзиклди тартууда актерлорго ырдап-бийлегенди үйрөтүүгө туура келдиби же алар мурдатан эле даяр беле?

- Чыгармада бий өтө аз. Ансыз деле мюзикл жанры бизде чоң эксперимент болуп жаткандыктан аз эле бий коштук. Актерлорду бийге эмес, мушташ, күрөшкө даярдадык. Стилдик-шарттуу тасма болгондуктан кытайлыктардыкындай каратэ менен мушташтырбастан, жалаң кыргыз күрөшүн колдондук. Тасма накта кыргыз мүнөздүү, өзгөчө чыгарма болду деп айта алам.

- Чыгарма купулуңузга толдубу?

- Көп нерселерди өзүм каалагандай кылып тарттым. Каражатыбыз аягында түгөнүп калды (күлүп). Өнүгүүгө чек жок, адам өзүн сын көз караш менен кароосу керек.

Тасманы фестиваль үчүн тартып жатканда калыстарга жагуу үчүн жетеленүүгө туура келет. Ал эми, бул чыгарманы өзүм каалагандай тарттым. Башка жанрларда айрымдар советтик, америкалык режиссерлорду (Тарковский, Спилберг) туурап тартышат. Мюзиклди тартып жатып кимдир бирөөнү туурайын десем, туураганга да режиссер жок экен. Эч кимди туурабай тарттым. Жакында эле Орто Азиядагы мыкты кино сынчылар Гүлнара Абыкеева менен Гүлбара Төлөмүшовага тасманын толук даярдала элек вариантын көрсөттүк. Г.Абыкеева: "Дүйнөлүк кинематографияда салыштырууга ылайык тасма жок болуп жатат. Кээ бир учурлар «Кыз Жибекке» окшошуп кетет. Болгону андан «катуураак» экен" деди. Аны угуп алып, "чыгармабыз өзгөчө болуптур" деп кубанып калдым.

«Дарак ыры» мюзикли тууралуу кызыктуу 7 факты:

1. Тасмада 200 сап ыр бар;

2. Эң көп дубль менен тартылган эпизоддор — боорсок бышырып жатып ырдаган кыз-келиндер жана Эсен менен мергенчинин күрөшү. 25 дубль менен тартылган;

3. Тасмага тартылган жаныбарлар: төө, топоз, жылкы, ит, бөдөнө жана 3 миңден ашык кой;

4. «Дарак ыры» мюзикли «Курманжан датка» тасмасы тартылган камера менен тартылды;

5. Темирлан Сманбеков көп жылдан бери театрда иштеп, тасмаларга тартылып жүргөнү менен «Дарак ырындагы» Базарбайдын ролу актердун алгачкы башкы ролу болду;

6. Тасманы тартуу учурунда эки актер — Таалайкан Абазова менен Жылдызбек Касейинов аттан кулап түшкөн. Өмүрбек Израиловдун мээси чайкалган. Анарбек аттуу каскадер ат чаап бара жатып, каршысында учуп келе жаткан коптер аппаратын сүзүп, ал талкаланган;

7. Жаңы тарыхта биринчи жолу россиялык кинокомпания Кыргызстандын улуттук тасмасына инвестиция катары акча салды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3660
Көп окулду
×