Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Баракелде, Бишкек 31.01.2018 18:06

Бишкектеги 3 турак үйдү суу каптады (видео, фото)

Turmush -  Ала-Арча суусунун деңгээли көтөрүлүп, суунун көлөмү секундасына 10-13 метр куб болуп жатат. Бул тууралуу ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Майрамбек Жунусов билдирди.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Бишкектеги Москва менен Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан 3 турак үйдү суу каптады.

«Бишкек шаарынын жарандык коргонуу күчү жана каражаты суу каптоонун кесепеттерин жоюу боюнча иштеп жатат. Ага 70 адам жана 15 техника тартылды», - деди М.Жунусов

Бишкектин райондорунун жарандык коргонуу боюнча комиссиялары Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларынын кооптуу тилкелерин дайыма көзөмөлдөп жатат. Буга чейин ӨКМдин адистери аба ырайы жылып баштаса, тоңгон муздар ээрип, ага жакын жайгашкан турак үйлөрдү капташы мүмкүн экенин эскерткен болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×