Бөлүмдөр
Бейшемби, 16-август
Баракелде

Бишкектеги үйлөргө жылуулук берилгенден кийин суу түтүктөрү жарылып жатат (видео)

Turmush -  Бүгүн, 31-январда эртең менен Бишкек шаарындагы Туңгуч кичи районунда жылуулук берилгенден кийин №68 үйдүн балконундагы суу түтүгү жарылды. Бул тууралуу «Репортерго» аталган үйдүн жашоочусу билдирди.

Анын айтымында, суу төмөнкү кабаттагы тургундардын батирин каптаган.

Ошондой эле, Түштүк-2 кичи районундагы №15 үйдүн жашоочусу суу түтүгү жарылганын билдирди. Анын кесепетинен суу төмөнкү кабатты каптап, тоңуп калган.

Ал эми, шаардын дагы бир тургуну: «Ташкент көчөсүндөгү №21 үйдө түтүк жарылгандыктан подъезд буу болуп жатат. Батирлерде температура төмөндөп кетти», - деп билдирген.


Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3175
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×