Бөлүмдөр
Ишемби, 26-май
Баракелде

31-январдан 6-февралга чейинки аба ырайынын болжолу

Turmush -  Эртең, 31-январда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

1-февралда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана Чүй, Талас облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн.

2-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

3-февралда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда бир аз кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 3-февралда күндүз жана 4-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, 4-февралда күндүз айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

5-6 февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы жогорулайт.

Бишкек жана Ош шаарларында 31-январда жана 1-2-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2664
×