Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-март
Баракелде, Дүйнө 19.01.2018 15:46

Видео - Шымкенттик 35 жаштагы аял салмагы 6 кг ашкан «баатыр» бала төрөдү

Turmush -  Казакстандын Алмата шаарындагы Акушердик, гинекология жана перинатологиялык илимий борбордо 6 кг 60 г салмактагы ымыркай (эркек) төрөлдү. Анын боюнун узундугу — 59 см.

Tengrinews.kz басылмасы Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме берүү менен билдиргендей, операция оор өткөн. Учурда эненин жана ымыркайдын абалы жакшы.

«Учурда 4 кг салмактан ашкан ымыркайлар "баатыр" деп эсептелет. Бул илимий борбордо буга чейин 4 кг жана андан жогору салмактагы балдар төрөлгөн», - деп билдирген эне жана бала бөлүмүнүн башчысы Камиль Самитов.

Анын айтымында, мындай салмактагы ымыркайдын төрөлүшү өзгөчө учур. Бул шаарда мындай салмактагы ымыркай мындан 5 жыл мурун жарыкка келген.

«Ымыркай кош бойлуулуктун 37-жумасында операция жолу менен төрөлдү. Анын салмагы абдан чоң болгондуктан төрөткө кесипкөй дарыгерлер катышты. Учурда эне жана бала өздөрүн жакшы сезип жатат. Алар бир нече күндөн кийин үйүнө чыгарылат», - деди Камиль Самитов.

Бул ымыркай Шымкенттин 35 жаштагы жашоочусу Жанардын көптөн күткөн биринчи баласы. Ага Ернар ысымы берилди.

«Чындыгында мындай чоң салмактагы уулдуу болом деп ойлогом эмесмин. Мага уулумду көрсөтүшкөндө дароо түшүнгөн жокмун. 7 күн бою жандандыруу бөлүмүндө дарыгерлер жакшы карап жатышты. Аларга ыраазычылык билдирем», - деди кубанган Жанар.

Кыргызстанда 7 кг болуп төрөлгөн «баатыр»...

Жалал-Абад шаарындагы облустук төрөт үйүндө 2015-жылы август айында 7 килограмм салмактагы ымыркай төрөлүп, өлкөдө рекорд катталган болчу. Наристени 33 жашында жарык дүйнөгө алып келген Асылкан Пазылбаеванын айтымында, туугандары кеңешип жатып элдин уулу болсун деген максатта атын Элмырза коюшкан.

Элмырзанын салмагы 1 жаштан ашкандан кийин 12,5 кг болгон.

Элмырза жаңы төрөлгөн кези

37
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
45.04% (109)
«Банк Компаньон»
18.18% (44)
«РСК Банк»
10.33% (25)
...
Всего голосов: 242
×