Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Баракелде, Дүйнө 15.01.2018 09:32 На русском

20 жаштагы Таалайбекке Индияда операция жасалып, каражаты жетпегендиктен ооруканадан чыга элек (фото, видео)

Turmush -  Алай районунун 20 жаштагы тургуну Таалайбек Алайбек уулу боор оорусунан жабыркап, Индия мамлекетинде боорун алмаштырды. Операциянын баасы 28 миң долларга жеткен. Бул суммага 2 миң доллар жетпей жатканына байланыштуу Таалайбек учурда ооруканадан чыга элек.

Операцияга төлөнгөн каражат буга чейин кайрымдуу жарандардан топтолгон, деп билдирди коомдук фонддун жетекчиси Бегали Тайибаев. Анын айтымында, Таалайбекке бир тууган агасы донор болду.

«12-январь күнү Таалайбектин бооруна операция жасалды. Учурда агасы экөөнүн тең абалы жакшы. Индиядагы дарыгерлер 2 миң доллар табууга 10 күн мөөнөт беришкен. Бир туугандар акчасы жоктугунан ооруканадан чыга албай жатышат. Жардам берүүнү каалагандар 0554 57 07 95 номуруна байланышса болот», - деди Б.Тайибаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×