Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Чүй облусуСокулук району 13.01.2018 13:50

Айыл турмушу: Мугалим Д.Сатегова бүтүрүүчүлөрү менен коштошуп, ыйлаганын өзү да байкабай калган (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Фрунзе айылынын 36 жаштагы тургуну Дина Сатегова Фрунзе №1 орто мектебинде мугалим болуп эмгектенет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Дина Сатегова Талас облусунун Талас шаарында 1981-жылы 2-февралда төрөлгөн.

«Мен Сокулуктагы №4 орто мектепти аяктап, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин башталгыч класстарга билим берүү факультетинде окугам. Эмгек жолум Фрунзе №2 орто мектебине башталгыч класстын мугалими болуп кирүү менен башталган. Аталган мектеп Студенттер айылында жайгашкан. А, биздин жашаган жерибиз Фрунзе айылы. Мындан улам жумушка күнүгө коңшу айылга каттап иштечүмүн. Учурда Фрунзе №1 орто мектебинде эмгектенип келем», - деди ал.

Д.Сатегова алгачкы кабыл алган окуучуларын 4-классты бүтүрүп, башка мугалимдин колуна өткөрүп берип жатканда ыйлаганын айтты.

«Жумушка жаңы киргенде 1-класска 25 бала кабыл алдым. Өзүмдүн ишимди ушунчалык сүйүп иштегендиктен ошол 25 окуучунун ар бирине өзгөчө мамиле кылып, аларды өз баламдай жакшы көрүп калгам. 4 жыл бою алар менен абдан көнүшүп, бир күн сабакка келбей калсам ар бир окуучумду ойлой берчүмүн. 4-класстын аягында алар менен коштошуп, башка мугалимге өткөрүп берип жатканда көзүмөн жаш агып кеткенин өзүм да байкабай калдым. Окуучуларым эжейибиз ыйлап жатат деп калышты. Ошондо кичинекей наристе, баео кыял өспүрүмдөр менен иштешүү — бул менин кесибим экенин түшүндүм», - деди ал.

Мугалим үй-бүлөлүү 2 баланын апасы.

«Уулум Төлөгөн 15 жашта болсо, кызым Алтынай 13 жашка толду. Алар Фрунзе №1 орто- мектебинде окушат. Келечекте эл керегине жараган балдарды тарбиялап өстүрсөм дейм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×