Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Баракелде, Бишкек 12.01.2018 17:42

Айрым райондордо кар жаап, туман түшөт, - 13-январга карата аба ырайы

Turmush -  Эртең, 13-январда айрым райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлерин туман капташы мүмкүн. Жолдор тоңголок жана тайгак болот, деп маалымдайт Кыргызгидромет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө
түнкүсүн -5...-10
күндүз -3...+2

Талас өрөөнүндө
түнкүсүн -5...-10
күндүз -4...+1

Ош жана Жалал-Абад облустарында
түнкүсүн 0...-5
күндүз +1...+6

Баткен облусунда
түнкүсүн 0...-5
күндүз +1...+6

Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн -5...-10
күндүз -2...+3

Нарын облусунда
түнкүсүн -13...-18
Күндүз -5..-10

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн экинчи жарымында кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот, туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -7...-7 градус, күндүз -1...+1 градус болот.

Ош шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот, туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 0...-2, күндүз +2...+4 градус болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×