Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-январь
69.4    84.88    1.23    KZT 0.21
Баракелде

Бишкекте «Токио-2020» спорттук базасы түзүлөт

Turmush -  Бишкек шаарында күрөш, бокс жана жеңил атлетика боюнча улуттук курама командалар үчүн «Токио-2020» спорттук базасы түзүлөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов Кыргызстандын күрөш боюнча курамасы менен Ысык-Көлдө болгон жолугушуусунда билдирди.

«Бүгүнкү күндө бул командалардын өздөрүнүн базасы жок. Биз спортчуларга мүмкүн болушунча ыңгайлуу шарттарды түзүп бергенге аракет кылабыз. Быйыл Индонезиядагы Азия оюндары жана күрөш боюнча Бишкектеги Азия чемпионаты сыяктуу эл аралык мелдештер болот. Аталган мелдештерде сиздер жакшы жыйынтык көрсөтүшүңүздөр керек. Бүткүл Кыргызстан силерди колдойт», - деди ал.

Аталган база Бишкектеги мектеп жана студенттик спортту өнүктүрүү дирекциясынын аймагына түзүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 584
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×