Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Баракелде, Дүйнө 09.01.2018 23:16 На русском

Россиядагы эл аралык фестивалда кыргызстандык скульпторлор 2-орунду ээлешти (фото)

Turmush -  Россиянын Новосибирск шаарында жыл сайын өтүүчү Сибирь фестивалында кыргызстандык скульпторлор 2-орунду алышты. Бул тууралуу россиялык жалпыга маалымдоо каражаттары кабарлады.

Маалым болгондой, Кыргызстандын командасы «Новосибирск шаарына каалоо» аталышындагы композицияны жасашкан.

Фестивалда 1-орунга Монголиянын командасы татыктуу болсо, 2-орунду Россиянын Ижевск шаарынын командасы багындырды. Иш-чарага катышкан чеберлерге күрөк, кыргыч сыяктуу жөнөкөй аспаптарды гана колдонууга уруксат берилип, электрдик каражаттарды пайдаланууга тыюу салынды.

Сибирь кар скульптура фестивалы — эл аралык чыгармачылык сынак болуп эсептелинет. Ал жыл сайын (2000-жылдын декабрь айынан баштап) кыш мезгилинде Новосибирск шаарында уюштурулат. Фестивалга Россиянын шаарларынан, жакынкы жана алыскы чет мамлекеттерден келген көсипкөй скульпторлор жана сүрөтчүлөр катышат. XVIII Сибирь скульптура фестивалы 2018-жылдын 31-январында жыйынтыкталат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×