Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Баракелде, Дүйнө 09.01.2018 10:24

Кытайдагы эң бай аял 4 күндө 2 млрд доллар киреше алды

Turmush -  Ян Хуэйянь — Кытайдагы эң бай айым. Анын жыл башынан берки кирешеси 23,6 млрд доллардан 25,6 млрд долларга чейин көбөйдү, деп маалымдайт Bloomberg.

Агенттиктин маалыматы боюнча, Country Garden Holdings компаниясынын каражаты 4 күндө 2,1 млрд долларга көбөйгөн.

Миллиардерлердин Bloomberg Billionaires Index рейтинги боюнча 37 жаштагы Ян Хуэйянь 31-орунга жазылган. Ошондой эле, анын компаниясы Forbes 2017-жылы жарыялаган рейтинг боюнча тез өсүп жаткан компаниялардын катарына кирген.

Bloomberg маалымдагандай, эң жаш миллиардер деп эсептелген Хуэйянь Кытайдагы эң бай адамдардын тизмесинде Ван Цзяньлинден кийинки 5-орунду сактап калган. Ал эми, Forbes серепчилердин пикирине таянуу менен Хуэйяндин учурдагы кирешесин 28,6 млрд доллар, ал эми Цзяньлиндин кирешеси 25,4 млрд доллар деп эсептеген.

Country Garden — элиталык турак жайларды куруу менен алектенет. Компания 1997-жылы ишкер айымдын атасы Ян Гоцян тарабынан негизделген. Ал 2007-жылы кызына компаниянын 70% акциясын өткөрүп берген. Ян Гоцян учурда Country Garden компаниясынын төрагасы жана башкы аткаруучу директору.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×