Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-январь
69.4    84.88    1.23    KZT 0.21
Баракелде

Москвада «мыйзамдагы ууру» Батукаев менен Салифов таасир берүүчү тармактарды бөлүшүүгө аракет кылышкан, - ЖМК

Turmush -  Жаңы жылдын алдында Москва шаарында укук коргоо органдарынын кызматкерлери Надир Салифов (Гули) менен Азиз Батукаевдин (Азиз) ортосундагы чырды токтотуп калды. Бул маалыматты «Прайм Крайм» басылмасы жарыялады.

Маалыматта Гули өзүнүн киреше булагынын кызыкчылыгын коргоо үчүн өзүнүн куралдуу адамдарын даярдаганы, андан кийин чечендер тар чөйрөдө жолугушууну сунуштаганы айтылган.

«Декабрдын ортосунда базарлар Гулиге тиешелүү экенин эске албай, Азиздин атынан барган белгисиз чечендер кирешени ага жөнөтүүгө аракет кылышкан. Анын түшүндүрмө берүүсүн күтпөгөн Гули өзү байланышка чыккан. Бирок алардын пикири дароо келишкен эмес.

Азиз «объектилер» андан алына турганын жооп кылган. Азизге жооп узаткан Гули бул ага фоталдуу экенине сөз берген.

«Дед Хасан» өлтүрүлгөндөн кийин Чечняда Азиздин талапкерлиги «Мыйзамдагы №1 ууру» катары каралганы айтылууда.

Кандай болбосун Азис Батукаев Гулиге каршы чакырык таштаган азербайжандык эмес биринчи «мыйзамдагы ууру» катары тарыхта калмай болду», - деп айтылат маалыматта.

Макаланын орус тилиндеги түп нускасы бул шилтемеде.

«Мыйзамдагы ууру» деп таанылган Азиз Батукаевге карата 2006-жылдын 3-августунда Аламүдүн райондук сотунун чечими менен 16 жыл 8 айга күчөтүлгөн режимде эркиндигинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо өкүмү чыгарылган. Ал КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренеси (ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо), 242-берене (ок атуучу куралды мыйзамсз даярдоо же оңдоо) жана 233-берене (массалык башаламандык) менен күнөөлүү деп табылган.

Жалпысынан А.Батукаев Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиндеги 14 берене менен айыпталган эле. Алардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаев, Жаза аткаруу боюнча башкы башкармалыктын башчысы Икматуллы Полотов жана Молдовановка айылындагы түзөтүү абагында 2005-жылдын октябрь айында чыккан жаңжал учурунда парламенттин 2 кызматкеринин өлүмүнө байланыштуу козголгон кылмыш иштер бар.

Сот отурумунда ал 294-берене (мамлекеттик же коомдук ишмердин өмүрүнө кол салуу), 345-берене (жазаларды аткаруу системасындагы мекемелердин ишине тоскоолдук кылуу), 340-берене (укук коргоо органындагы кызматкердин өмүрүнө кол салуу) жана башка айыптар боюнча акталган.

А.Батукаев 2013-жылдын 9-апрелинде ден соолугуна байланыштуу абактан чыгарылган. Андан көп узабай өлкөнүн аймагынан чыгып кеткени маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1761
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×