Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 08.01.2018 13:35

Тоңдун Тогуз-Булак айылындагы 2 окуучу жаңы жыл алдында айыл элин таң калтырды (фото)

Turmush -  Тоң районунун Тогуз-Булак айылынын Т.Мырзамамбетов атындагы орто мектебинин 9-11-классынын активдүү 2 окуучусу жаңы жыл алдында бөбөктөргө белектерди тапшырышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бактыбек уулу Урмат жана Төлөгөнова Айгерим Аяз ата жана Аяз кыз болуп кийинип алып, кичинекей балдардын үйүнө күтүүсүз барып, аларды белектер менен кубантышты.

Жалпы 1 миң сомдон ашык каражат сарпталып, жалпысынан 30 балага белектер тапшырылды. Каражат окуучулардын апасы Урпейим Исмаилова тарабынан берилген. Бул демилге эки активдүү окуучуга таандык. Алардын мындай идеясы айылда жакшы жаңылык болуп, тургундарды таң калтырып, алардын ыраазычылыктарына татышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×