Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-январь
69.4    84.88    1.23    KZT 0.21
Талас

Айыл турмушу: Кол өнөрчү Жумакан апа Көчмөндөр оюндарына катышууга чакыруу алды (фото)

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Аманбаев айылынын 67 жаштагы тургуну Жумакан Исабекова 50 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районунун Боо-терек айылында чоңойгон. Кол өнөрчүлүктү апасы үйрөткөн.

«1967-жылы Таласта тигүү цехинде иштегем. Ал учурда ар кандай кийимдерди тикчүбүз. 1968-жылы Аманбаев айылына келин болуп баргам. Ошол жылдан баштап жеке кол өнөрчүлүк менен алектенип, сайма сайып, боз үйгө керектүү буюмдарды жасап баштадым. Учурда «Кийиз» коомунун мүчөсүмүн. Ал коомдо 7 облустун эң мыкты деген кол өнөрчүлөрү бар.

Буга чейин Көчмөндөр оюндарына катышкам. Буйруса бул жылы да боло турган оюндарга да катышууга чакыруу алдым. Ага карата боз үй жасап жатам. Ички-тышкы жасалгаларынын бүт баарысын өз колум менен жасап жатам. Кол өнөрчүлүктүн аркасы менен көп сыйлыктарга ээ болдум», - деди ал.

Жумакан апа 7 баланы чоңойткон «Баатыр эне».

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 706
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
murmadinna
09:45, 08 января 2018
апага ийгилик каалайбыз. кочмондор оюндарында байгеге ээ болсун!
Нет аватара
murmadinna
09:43, 08 января 2018
Ушундай апалар бар очогубуз очпой жанып, элибиз оз куурунда сакталып турат. ушундай элибиз бар, кыргыз олбой жашап келебиз. апага ийгилик каалайбыз, кочмондор оюндарында байгеге жетишишин тилейбиз!
Көп окулду
×