Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Баракелде, Дүйнө 06.01.2018 14:27

Өзбекстандын президентине Ташкентте кара куурайдын өстүрүлүшүн көрсөтүштү

Turmush -  Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ташкент облусуна болгон иш сапарынын алкагында мурдагы «Каноп» заводунун аймагына барды. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы маалымдады.

«Ал жерде техникалык кара куурай өстүрүү боюнча пландар тааныштырылды», - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, өлкө башчысына күрүчтү иштеп чыгуу, жашылча-жемиштерди сактоо жана таңкактоо боюнча пландар түшүндүрүлдү.

Ш.Мирзиеев жерди рационалдуу пайдалануу керектигин белгиледи.

Борбордук Азияда техникалык кара куурайга Казакстан кызыктар болуп келет. Аталган өлкөдө техникалык кара куурайдын негизинде целлюлоза-кагаз продукцияларын чыгаруу планы маалымдалган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×