Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Баракелде, Бишкек 15.12.2017 14:27

Кыргызстандык сулуу Н.Маатказиева Москвадагы сынактан байгелүү кайтты (фото)

Turmush -  Кыргызстандык Нази Маатказиева Россияда өткөн Miss Asia Russia 2017 сынагында «Сүйкүмдүү сулуу» наамын жеңип алды.

Ошондой эле, ал өнөктөштөрдүн Miss Kali collection номинациясын утту. Ал эми, Miss Asia Russia 2017 наамына бурятиялык Софья Замбалова ээ болду.

Эл аралык улуттук-маданий сулуулар фестивалы жана Miss Asia Russia 2017 сынагы Москва шаарында өттү. Сынакка жалпы Азия боюнча 15 сулуу катышып, ал кечээ, 14-декабрда жыйынтыкталды.

Уюштуруучулардын маалыматына караганда, фестиваль табигый сулуулукту, интеллектуалдык жана чыгармачыл өнүгүүнү, коомдук ишмердүүлүккө активдүү катышууну, иш тажрыйбасындагы жана жеке жашоосундагы ийгиликти көрсөткөн, өзүнүн шаарын, аймагын, өлкөсүн жакшы көргөн азиат түспөлүндөгү жаш кыздардын позитивдүү образын түзүү максатында уюштурулду. Ошондой эле, ал адеп-ахлак баалуулуктарын жана сергек жашоону пропагандалоо максатын көздөйт.

Буга чейин 20 жаштагы Нази Маатказиева «Кыргызстан сулуусу 2017» («Красавица Кыргызстана 2017» ) сынагына катышып, биринчи вице-мисс наамын жеңип алган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×