Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-июнь
Баракелде

Ч.Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романы белорус тилинде басылып чыгат

Turmush -  Беларусь Республикасынын «Элдик агартуу» басылмасы Чыңгыз Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» китебин белорус тилинде басып чыгарууга даяр. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, аталган басылманын директору Виктория Калистратова Ч.Айтматовдун үй-бүлөсүнөн алдын ала уруксат алынып, учурда тиешелүү келишим иштелип жатканын белгиледи.

«Беларусь Республикасынын «Жылдыз» («Звезда») басылма үйүнүн директорунун орун басары Алексей Чарота улуу жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Созвучие» сайтынын атайын баракчасына 2018-жылдын башынан аягына чейин анын чыгармаларын жарыялоону сунуштады», - деп айтылат маалыматта.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4017
Көп окулду
×