Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Баракелде, Дүйнө 13.12.2017 19:33

Фото - Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери жолугушту

Turmush -  Бүгүн, 13-декабрда Ташкент шаарында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Өзбек лидери Шавкат Мирзиёев жолугушту.

Президентти «Ташкент» аэропортунан өзбек премьер-министри Абдулла Арипов, тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Данияр Сыдыков тосуп алышкан.

Алгач С.Жээнбеков Ташкент шаарындагы Мустакиллик аянтында да болуп, Көз карандысыздык жана гуманизм монументине гүл койду. Ошондой эле, биринчи президент Ислам Каримов атындагы мемориалдык комплексте болуп, анын эстелигине гүл койду.

Кыргызстандык делегациянын курамы:

- Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев;

- Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Айзада Субакожоева;

- Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Данияр Сыдыков;

- вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов;

- Жогорку Кеңештин депутаты Анвар Артыков;

- Жогорку Кеңештин депутаты Ильхом Маннанов;

- өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов;

- транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов;

- экономика министри Артем Новиков;

- Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев;

- Президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Мухаммедкалый Абулгазиев;

- өкмөттүн чек ара маселелери боюнча Өкмөт аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басарынын рангындагы атайын өкүлү Курбанбай Искандаров;

- президенттин жардамчысы Эрнис Толтоев;

- Мамлекеттик жаштар иштери, дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Канат Аманкулов;

- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этникалык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бахтияр Салиев;

- Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов;

- Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Дуйшенбек Зилалиев;

- президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын башчысы Туруспек Коеналиев;

- БШКнын мүчөсү Бахтияр Кадыров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×