Казакстанда бензин арзандады
Turmush - Казакстанда АИ-92 маркасындагы бензиндин баасы арзандады. Бул тууралуу Тengrinews.kz маалымдады.
Royal Petrol жана Sinooilдин расмий сайтына жарыяланган маалыматта көрсөтүлгөндөй, бензиндин эң белгилүү маркасынын баасы 0,4 жана 0,47 долларды түзөт.
Ал эми, Нelios жана КазМунайГаздын расмий сайтында бензиндин АИ-92 маркасынын баасы 0,48 доллар экени жазылган.
«Газпромнефттин» маалымат борбору Казакстандын аймагында АИ-92 орточо 0,48 долларга бааланып жатканын билдирди.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком