Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-декабрь
69.75    82.26    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Айсулуу Тыныбекова 2017-жылы 7 турнирге катышып, 7 медаль тагынды

Turmush -  Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын улуттук курамасынын өкүлү Айсулуу Тыныбекова 2017-жылы катышкан турнирлердин бардыгында ар кандай даражадагы медалдарды утту. Айымдардын курамасынын лидери 2017-жылдагы сезонду январь айында Россиянын Красноярск шаарындагы Иван Ярыгиндин гран-присине катышуусу менен баштаган. А.Тыныбекова Моңголиянын жана Россиянын спортчуларын утуп, турнирдин жеңүүчүсү аталды.

Ал бир айга жетпей Швецияга Klippan Lady Open турнирине жөнөп кеткен. Кыргызстандык спортчу каршылаштарын үч ирет катары менен жеңип, финалга чыгууга мүмкүнчүлүк алган. Бирок 1/2 финалда бутунан жаракат алып, россиялык Виктория Коблова-Жолобовага каршы финалдык беттешке чыга албай калды. Жыйынтыгында А.Тыныбекова күмүш медаль тагынып, Рио-де-Жанейродогу олимпиаданын жарым финалында утулуп калгандыгы үчүн россиялык спортчу менен кайра күрөшүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган.

Май айы А.Тыныбекова үчүн абдан ийгиликтүү болду. Ал 11-майда экинчи жолу катары менен Азиянын чемпиону аталып, бир жумадан кийин Азербайжандын Баку шаарында өткөн Ислам тилектештик оюндарында алтын утуп алды. Ал эми, июнь айында балбан кыз Польшанын Варшава шаарына Poland Open турнирине жөнөп кетти. Турнирде А.Тыныбекова үч ирет катары менен жеңишке жетип, финалга чыкты. Бирок ал олимпиадалык чемпион Хэлэн Марулис менен болгон кармашта кайрадан жаракат алган. Кыргызстандык балбан кыз Польшадан күмүш медаль менен кайтты.

А.Тыныбекова 2 айдын ичинде калыбына келип, Франциядагы дүйнө чемпионатына барды. Ал Парижде эки жолу жеңишке жетип, бирок жарым финалда тунистик Марве Амриден утулуп калган. Балбан кыз коло үчүн болгон мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, Кыргызстандын айымдар курамасына дүйнө чемпионаттарынын тарыхында биринчи медалды алып келди. Кыргызстандык спортчу бул жылды Түркмөнстанда өткөн жабык имараттагы Азия оюндарында күмүш байге алып жыйынтыктады.

Айсулуу 2017-жылы жалпы 7 турнирге катышып, 7 медаль багындырды. Анын үчөө алтын, үчөө күмүш жана бирөө коло медаль.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 442
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:48,   12.12.2017   ( 5 адам окуп жатат)
×