Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-декабрь
69.75    82.26    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Аида Салянованын агасы 19 жаштагы К.Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча азыркыга чейин издөөдө

Turmush -  Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишти иликтөөгө тоскоолдук жаратып, издөөгө алынган Эльтуйбасов (Салянов) Калыбек Эльтуйбасович табыла элек. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

К.Эльтуйбасов — мурдагы башкы прокурор жана азыркы депутат Аида Салянованын («Ата Мекен») агасы (атасынын бир тууганы).

19 жаштагы Камиланын өлүмү

1995-жылы туулган К.Дүйшөбаева 2014-жылдын 10-мартында Бишкектин Достук кичи районундагы үйүнөн досторуна жолугуу үчүн чыгып кеткен боюнча кайрылып барган эмес. Ал досторуна жетпей, телефону өчүп калган. 16-мартта кечинде анын жансыз денеси Байтик айылындагы көрүстөндөн табылган. ЖМКлар укук коргоо органдарына шилтеме берүү менен К.Дүйшөбаева каза болгонго чейин Калыбек Салянов менен телефон аркылуу байланышканын, экөө саунага барышы мүмкүн экенин жазып чыгышкан. Алгач К.Салянов күбө катары суралган.

Камила

Маалыматка караганда, Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча ишти иликтөөнүн жүрүшүндө, тактап айтканда 2014-жылдын 22-мартында К.Э.Эльтуйбасов менен саунанын ээси А.Н. милиция иликтөө жүргүзүп жатканын билип туруп, саунадагы видеокамералардын 2014-жылдын 10-мартындагы видеотасмаларын өчүрүп салышкан. Мунун кесепетинен аталган кылмыш ишти объективдүү иликтөөгө тоскоолдуктар жаралган. Аталган факты боюнча 2017-жылдын 29-июнунда ИИМ тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 318-беренеси (тергөөнүн жүрүшүнө тоскоолдук кылуу) боюнча кылмыш иш козголгон эле. Андан кийин К.Эльтуйбасов (Салянов) Кыргызстандын аймагынан тышка чыгып кеткени маалымдалган. Аны камакка алуу боюнча чечим чыгарылып, издөө жарыяланган болчу.

2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо партиялардын тизмеси катталганга чейин К.Эльтуйбасов «Ата Мекендин» тизмесине №52 болуп катталып, бирок кийин андан чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 11316
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
invent
17:38, 07 декабря 2017
издөөдө дебей изделүүдө десенер.
Нет аватара
Armstrong
14:00, 07 декабря 2017
Лохотрон для народа! Менты знают где он и типа не могут найти его.За спиной убийцы по мимо Сальяновой стоят другие влиятельные коррупционеры.Дешевая клоунада!
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:48,   12.12.2017   ( 5 адам окуп жатат)
×