Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-декабрь
69.75    82.26    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Депутат Аскарбек Шадиев биринчи вице-премьер-министр болуп дайындалды

Turmush -  Шадиев Аскарбек Алимбаевич биринчи вице-премьер-министр болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, А.Шадиев аталган кызматка Конституциянын 87-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

А.Шадиев Жогорку Кеңеште «Бир Бол» фракциясынан да депутат болуп эсептелет.

Буга чейин:

Кечээ, 6-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттары Аскарбек Шадиевди Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри кызматына бекитишкен.

А.Шадиев 1969-жылы 31-январда Лейлек районунун Гөлбө айылында төрөлгөн.

- 1988-жылы Фрунзе политехникалык техникумунан техник-механик адистигин алып чыккан;

- 1993-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономикалык факультетин аяктаган;

- 1999-жылы Кыргыз улуттук университетинен юрист адистигин алып чыккан.

А.Шадиев 1993-жылы «Сфера» ишканасынын башкы эсепчисинин орун басары болуп иштей баштаган. Кийин «Азнур ЛТД» жана «Корпорация Датка» ишканаларында иштеген.

- 2000-2002-жылдары Жогорку Кеңешке депутат болгон;

- 2002-2003-жылдары Финансы министринин орун басары;

- 2003-2005-жылдары Баткен облусунун губернатору;

- 2005-жылы Жогорку Кеңештин III чакырылышынын депутаты;

- 2007-жылдын 20-декабрында Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты;

- 2007-жылдын 25-декабрында Жогорку Кеңештин Экономика, бюджет жана финансы боюнча комитетинин жетекчиси болуп шайланган;

- 2009-жылдын ноябрынан тарта Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жетекчиси;

- 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн декретинин негизинде БШК депутаттардын ыйгарым укуктарын токтоткон.

- 2010-жылдын декабрынан 2011-жылдын декабрына чейин Экономика министри;

- 2012-жылдын 6-сентябрында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен министрлик кызматынан бошотулган;

- 2015-жылы 27-октябрда «Бир Бол» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болгон;

- 2015-жылдын 6-ноябрынан 2016-жылдын 14-ноябрына чейин Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетин жетектеген;

- 2016-жылдын 23-ноябрында Жогорку Кеңештин Эл аралык мамилелер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинин жетекчиси болуп дайындалган;

- 2017-жылдын 5-декабрында премьер-министр Сапар Исаков аны Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитеттин отурумунда вице-премьер-министрлик кызматка талапкер катары көрсөткөн.

Аскарбек Шадиев жубайы экөө 5 баланын ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 561
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
15:42,   12.12.2017   ( 4 адам окуп жатат)
×