Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-декабрь
69.75    82.26    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Р.Самудинов менен Э.Молдокадырованын Америкада кармалышы: Мүмкүн өз мекенин сатышты, бирок алар биздин жарандар, - депутат

Turmush -  Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина (КСДП) Кыргызстандын АКШдагы элчисинен жубайлар — Ренат Самудинов жана Эльнура Молдокадырованын кармалышын иликтөөнү суранды. Ал бүгүн, 7-декабрда парламенттин отурумунда алар өлкөдөн саясий башкалка алуу максатында чыгып кеткенин жана Мексика менен АКШнын ортосундагы чек арадан өтүп бара жатканда кармалганын белгиледи.

«Аларга тоготпогондук менен мамиле жасалып жатат. Түшүнөм, мүмкүн алар өз мекенин сатты, бирок алар биздин жарандар. Элчиден алар менен жолугуп, жардам керек же керек эместигин суроону өтүнөм», - деди ал.

2017-жылдын 19-октябрында Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчилигине Американын чек ара кызматынан 18-октябрь күнү Кыргызстандын эки жараны — 1986-жылы туулган Р.Самудинов жана 1988-жылы туулган Э.Молдокадырованын кармалгандыгы тууралуу билдирүү келген. Кийинчерээк кармалган жарандардын Америка Кошмо Штаттарына кирүүгө уруксат кагазы жок экендиги аныкталган. Муну менен катар алар кирип жатканда дароо саясий башкалка сураганы белгилүү болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3923
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×