Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-декабрь
69.75    82.26    1.18    KZT 0.21
Ош

Айыл турмушу: Керектен чыккан темирлерден меш, аристон жасаган уста (фото)

Turmush -  Ош шаарынын 40 жаштагы тургуну Эркин Курбанов 6 жылдан бери мештердин түрүн жасоо менен алек. Ширетүүчүлүк кесипти Россиядан үйрөнүп келген уста Ошто дагы жакшы киреше тапса боло турганын айтат.

«Мен бул кесипти аркалаганыма 6 жыл болуп калды. Темирден, газ баллондон, чоюндан мештерди жасайм. Бир мешти жасоого эки күн убакыт керектелет. Кардарлар мешке керектүү буюмдарды алып келип берсе арзан баада жасалат. Мындан сырткары газ баллондон аристондорду жасайм. Быйыл эл СССР мезгилиндеги мештерге басым жасап жатышат. Биз сынып калган мештер болсо дагы оңдоп беребиз. Россияда иштеп тапкан акчаң, батирге эле кетип калат. Ошто жашап, балдарыңдын жанында деле Россиядагыдай иштесе болот», - деди уста.

Суук түшкөндөн тартып меш алгандарын саны арбыган. Учурда базарда мештер 2 миң сомдон баштап сатылууда.

Көп жылдан бери меш саткан Рустам Ашимовдун айтымында, учурда Андижан жана Ош мештерин алгандар көп.

«Андижан менен Ош мештерин сатабыз. Бардык мештер Ошто жасалат, бирок көлөмүнө жараша баалары коюлган. 2 миң сомдон 6 миң сомго чейинки мештер бар», - деди Р.Ашимов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 465
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×