Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-декабрь
69.75    82.26    1.18    KZT 0.21
Баракелде

АКШда өткөн мелдеште алтын медаль уткан кыргызстандык жаш хоккейчилердин сүрөттөрү

Turmush -  Хоккей боюнча Бишкектин өспүрүмдөр курама командасы АКШда өткөн эл аралык Barrington Ice Arena 2017 кубогунда алтын медаль утушту.

Маалым болгондой, турнир 2-5-декабрь күндөрү Чикаго шаарында өттү. 2008-жылы жана андан кийинки жылдарда туулган өспүрүмдөрдөн куралган Кыргызстандын командасы 4 оюн (3 жолу жеңип, 1 жолу жеңилди) өткөрүп, турнирди жеңүүчүсү болушту.

Финалдык оюнда Бишкектин курамасы буллит (айып сокку) сериясында Ice Dogs командасын жеңип алды. АКШга машыктыруучу Саламат Тыналиевдин жетекчили астында 12 оюнчу барды.

Кыргызстандын командасынын курамы:

- Элхан Болотбеков, 9 жашта, дарбазачы;

- Артем Васильев, 9 жашта, дарбазачы;

- Азрет Амангелдиев, 7 жашта, коргоочу;

- Самат Давлетбеков, 7 жашта, коргоочу;

- Алтай Казакбай, 9 жашта, коргоочу;

- Камал Алыбаев, 6 жашта, коргоочу;

- Умар Эгембердиев, 7 жашта, чабуулчу;

- Таир Супохунов, 10 жашта, чабуулчу;

- Данил Соловьев, 7 жашта, чабуулчу;

- Алихан Алиаскаров, 8 жашта, чабуулчу;

- Нуртемир Сулайманов, 8 жашта, чабуулчу;

- Асан Абдыгулов, 7 жашта, команданын капитаны, чабуулчу.

Машыктыруучу — Саламат Тыналиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1413
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×