Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-декабрь
69.75    82.26    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Аскарбек Шадиев — депутаттык мандатын сактап калган биринчи вице-премьер-министр (резюме)

Turmush -  Бүгүн, 6-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттары Аскарбек Шадиевди Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри кызматына бекитишти.

А.Шадиев 1969-жылы 31-январда Лейлек районунун Гөлбө айылында төрөлгөн.

1988-жылы Фрунзе политехникалык техникумунан техник-механик адистигин алып чыккан.

1993-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономикалык факультетин аяктаган.

1999-жылы Кыргыз улуттук университетинен юрист адистигин алып чыккан.

А.Шадиев 1993-жылы «Сфера» ишканасынын башкы эсепчисинин орун басары болуп иштей баштаган. Кийин «Азнур ЛТД» жана «Корпорация Датка» ишканаларында иштеген.
2000-2002-жылдары Жогорку Кеңешке депутат болгон.

2002-2003-жылдары Финансы министринин орун басары.

2003-2005-жылдары Баткен облусунун губернатору

2005-жылы Жогорку Кеңештин III чакырылышынын депутаты. 2007-жылдын 20-декабрында Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты.

2007-жылдын 25-декабрында Жогорку Кеңештин Экономика, бюджет жана финансы боюнча комитетинин жетекчиси болуп шайланган. 2009-жылдын ноябрынан тарта Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жетекчиси. 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн декретинин негизинде БШК депутаттардын ыйгарым укуктарын токтоткон.

2010-жылдын декабрынан 2011-жылдын декабрына чейин Экономика министри. 2012-жылдын 6-сентябрында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен министрлик кызматынан бошотулган.

2015-жылы 27-октябрда «Бир Бол» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болгон.

2015-жылдын 6-ноябрынан 2016-жылдын 14-ноябрына чейин Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетин жетектеген.

2016-жылдын 23-ноябрында Жогорку Кеңештин Эл аралык мамилелер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинин жетекчиси болуп дайындалган.

2017-жылдын 5-декабрында премьер-министр Сапар Исаков аны Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитеттин отурумунда вице-премьер-министрлик кызматка талапкер катары көрсөткөн.

Аскарбек Шадиев жубайы экөө 5 баланын ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1047
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×