Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-декабрь
69.75    82.26    1.18    KZT 0.21
Талас

Айыл турмушу: Ж.Суюнтбекова Көк-Кашатта 30 жылдан бери физик мугалим болуп иштеп келет (фото)

Turmush -  Талас районунун Көк-Кашат айылынын 53 жаштагы тургуну Жаңылмырза Суюнтбекова 30 жылдан бери физик мугалим болуп иштеп келет. Аймактык кабарчы мугалимден кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Талас районуна караштуу Орто-Арык айылында чоңойгон. 1987-жылы Кыргыз мамлекеттик университинин физика факультетин бүтүрүп чыккан.

«30 жылдан бери Көк-Кашат айылындагы А.Огонбаев атындагы мектепте физика сабагынан мугалим болуп эмгектенип келе жатам. Мугалимдик кесип эң ыйык кесиптердин бири деп эсептейм. 1987-жылы жаңы мугалим болуп келген жылы «Чыгармачыл мугалим» деген наам алгам. Өз кесибин сүйгөн адам гана көп бийиктиктерди багынта алат. Ар кандай ардак громаталардын жана ар кандай сыйлыктардын ээсимин.

1996-жыл Билим жылы деп жарыяланганына байланыштуу ошол жылы сынакка катышып, «Жылдын мыкты мугалими» деген наамды алгам. Кийинчерээк эле «Эл агартуунун отличниги» деген наамды алгам. Өткөн жылы «Профсоюздун отличниги» деген наамды алдым», - деди ал.

Каарманыбыздын жолдошу да өзү менен чогуу мектепте дене тарбиячы мугалим болуп иштейт.

«Бир жылдары мугалимдин маянасы аз болгон күндөр болгон. Ошол учурда жолдошум экөөбүз базарга чыгып сатуучу болуп же дагы бир айлыгы көбүрөөк ишке иштейли деген ойлор болгон. Бирок балдарды таштап кетким келген жок. Ошондой кыйын жылдарга карабай мугалимдик кесипти алып келе жатам. Азыр болсо баары жакшы, баары жетиштүү. Кээде ойлоп кетем эгер кесип өзгөртүүгө бир мүмкүнчүлүк берилсе илимий кызматкер болмокмун. Анткени илимий кызматкер болгум келчү. Бирок турмушка чыгып айылда калганым үчүн физика мугалими болуп калдым.

Үй-бүлөмдү толугу менен демократиялуу принципте жашайбыз деп айта алам (күлүп). Анткени  бир нерсе болсо баарыбыз ортодон ойлонуп, чечишип биргелешип кылабыз. Учурда 2 кызым окууларын бүткөн, иштешет. Жалгыз балам болсо университетте окуп жатат», - деди мугалим.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 908
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×