Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-декабрь
69.75    82.26    1.18    KZT 0.21
Талас

Айыл турмушу: Нарындык К.Буларова Таласка келин болуп, 25 жылдан бери мугалим болуп иштеп келет (фото)

Turmush -  Талас районунун Көк-Токой айылынын 43 жаштагы тургуну Кайырбүбү Буларова 25 жылдан бери тарыхчы мугалим болуп иштеп келет. Аймактык кабарчы мугалимден кабар алды.

Өзүнүн айтымында, 2016-жылы «Эл агартуунун отличниги» наамын алган.

«Жумгал районундагы Лама айылында чоңойгом. Мектепти аяктап, Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик университетин тарых факультетин бүтүргөм. 1992-жылы Талас облусуна келин болуп келгенден баштап Көк-Токой айылында тарых мугалими болуп эмгектенип келе жатам. Канчалык чын жүрөктөн эмгектенсең акырында үзүрүн көрөсүң. Ар кандай сынактарга катышып, бир топ сыйлыктардын, грамоталардын ээсимин.

Мектепте мугалимдиктен тышкары соцпедагог, тарбия завучу болуп эмгектенип келем. Балдар менен иштөө мен үчүн аябай кызыктуу. Соцпедагог болуп иштеп жүргөндө жарым жетим, мүмкүнчүлүгү чектелген же кандайдыр бир жардам керек болгон балдарга жардам берип, аларды өз балдарымдай көрүп, колумдан келишинче жардам бергенге аракетимди кылгам. Учурда алардын бири окууну бүтүп, бири үй-бүлө куруп калышкан. Көргөн жерден учурашып, ыразычылыгын айтып турушат», - деди ал.

Мугалим 3 кыз, 1 баланын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 766
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:48,   12.12.2017   ( 4 адам окуп жатат)
×