Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-май
Баракелде

Украиналык мушкер кыргызстандык М.Мамасалиевге: Бир «Азия аюусун» муунттум, сага да кезек келет (видео)

Turmush -  Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы спорт ордосунда 9-декабрда «Жаш-Күч» клубунун аралаш таймаштар (Jash Kuch Fighting Championship 2017) боюнча үчүнчү чемпионаты өтөт.

Маалым болгондой, турнирдин программасына 12 жекеме-жеке беттеш кирип, анын ичинде «Жаш-Күч» (Кыргызстан) жана «Ахмат» (Чечен Республикасы, Россия) клубдарынын таймашы болот. Ошондой эле, чемпиондук кур үчүн беттеш уюштурулат.

JFC версиясы боюнча дүйнө чемпиону наамы үчүн кыргызстандык Мыктыбек «Ак аюу» Мамасалиев (10 жолу жеңген, 2 жолу жеңилген) жана украиналык Юрий Проценко (12 жолу жеңген, 4 жолу жеңилген) күч сынашат. Ю.Проценко: «Мен буга чейин бир «Азия аюусун» муунттум, сага да кезек келет», - деп кайрылды кыргызстандык М.Мамасалиевге.

2017-жылдын 26-августунда Казакстандын Астана шаарында өткөн FSK Promotion Company турниринде Ю.Проценко муунтуу ыкмасы менен өзбекстандык Мурод Хантураевди («Азия аюусу») жеңген.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 11518
Көп окулду
×