Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-декабрь
69.75    82.26    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

«Мекендештер»: Ата-энеси Түркияда жашаган Сезим Батыш Вирджинияда окуп, америкалык үй-бүлөдө тарбияланууда (фото)

Turmush -  15 жаштагы ысык-көлдүк Сезим Турдугулова Түркиядагы бала бакчада тарбияланып, учурда АКШнын Батыш Вирджиния штатынын Фоллинг Уотерс шаарынын Спринг Миллс (Soring Mills High School) колледжинде 10-класста билим алууда. Көптөгөн улуттар менен бир класста окуган мекендешибиз Сезим менен аймактык кабарчы маектешти.

IMG-20171201-WA0015

- Сезим, кайсы жерде төрөлүп, кайсы жерде өстүң?

- Менин ата-энем көп жылдан бери Түркиянын Стамбул шаарында жашап, иштешет. Ата тегибиз Ысык-Көлдөн болот. Мен 6 жашыма чейин Түркиянын Анталья шаарында жашап, орус бала бакчага бардым. Кийин Кыргызстанга кайтып келип, борборубуздагы Улуттук компьютердик гимназияга 1-эксперименталдык класска тандалдым. Мен кирген жылы Билим берүү министрлигинин пилоттук долбоору менен биздин тандалма класс, 1 жылда 2 жылдык программаны өздөштүрүп, кийинки жылы 3-класс болуп калдык. 7-класстан тарта Токмоктогу Кыргыз-түрк кыздар лицейинин сынактарынан өтүп, ал жакта окуй баштадым. 2016-2017-окуу жылында болсо «Флекс» программасынын сынактарына катышып жеңүүчү аталдым. Ошону менен бирге АКШдагы окуу жайга Кыргызстандан тандалган 96 окуучунун бири болуп кабыл алындым.

- Ата-энеден алыстап, Америкада билим алуу сен үчүн оор эмеспи?

- Жыл сайын жайкы жана кышкы эс алуу учурунда ата-энем жана инимдин жанына Түркияга барып турам. 7-класстан тартып эле алардан алыс, өз алдынча жашап, окууга туура келди. Биринчи жылдары абдан сагынып, кыйналчу элем, кийинчерээк көнүп кеттим. Лицей окуу мени эң алгач өз алдынча болууга, сабырдуулукка, сапаттуу билим алыш үчүн талыкпай эмгектенүүгө тарбиялады деп ойлойм. Ошону менен бирге келечегиме кам көрүүгө, деги эле дүйнөдө, өлкөбүздө, коомдо болуп жаткан окуяларга көз карашымдын калыптануусуна, ой жүгүртүүмдүн кескин өзгөрүшүнө чоң таасирин тийгизди.

- Американын артыкчылыгы жана кемчилиги эмнеде экен?

- Америкада Кыргызстанга салыштырмалуу артыкчылыктар басымдуурак кылат. Тургундардын өз жерине, шаарына, коомуна, адамдарга жана мыйзамына сый мамилеси ушунчалык жогору экен. Көчөлөрдү кирдетип, таштандыларды туш келди ыргытышпайт. Эч ким эч кимдин жарандык укуктарын тебелешпейт жана бири-бирине кийлигишпейт, расаларга бөлбөйт жана бирөөдөн бирөө өйдө туруп менменсинбейт. Мыйзам ар бир жаран үчүн бирдей. Анан да калктын жашоо стандарты, социалдык абалы бизден алда канча жогору. Эң кызыгы мен жашаган шаарда коомдук транспорт жок, баардыгы өз унаалары менен жүрүшөт.

Ал эми кемчилиги — бул жерде адамдардын ортосунда Кыргызстандагыдай мамиле жоктой. Ар ким өзүнүн иши менен алек. Баары бир жерге шашып жүргөн сыяктуу. Аларга ар бир мүнөт маанилүү. Мындан тышкары бул жактын жаштары бир аз өзүмчүл жана кайдыгер болуп өсүшөрүн байкадым. Ошондой эле, достору менен кезигип, чай же кофе ичип, отуруп баарлашуу жокко эсе.

- Сен көп улуттун кыздары, балдары менен окуйт экенсиң. Алардан эмнелерди үйрөнө алдың?

- Башка өлкөдө жашоо бир четинен оор, бир четинен кызыктуу. Анткени канчалык өз жериңди сагынсаң дагы бөтөн эл, башка менталитет, башка маданиятты көрүп, көптөгөн жаңы нерселерди үйрөнөсүң. Мисалы мен окуган класста америкалыктардан сырткары Испаниядан, Польшадан, Швейцариядан, Пуэрто-Рикодон жана Франциядан балдар жана кыздар бар. Алардын ар бири менен баарлашканда өздөрүнө таандык улуттук өзгөчөлүктөрү, тарыхы, каада-салты, учурдагы экономика жана саясаттагы багыттары жөнүндө кызыктуу маалыматтарды үйрөнүүгө болот.

IMG-20171201-WA0009

- Сен окуган Спринг Миллс колледжи жөнүндө айта кетсең.

- Мектеп абдан чоң жана көркөмдүү салынган. Биздин мектептерден имараттары чоң, тазалыгы, кооздугу жана окуучуларынын көптүгү менен айырмаланат. Учурда мектепте 1300дөй окуучу окуйт. Каалаганы каалагандай кийинип жүрөт. Сабактарды жылдын башында ар ким өзүнө ылайыктап тандап алат жана тандаган адистигине жараша сабактарга көбүрөөк көңүл бурганга мүмкүнчүлүк беришет. Класстардын бардыгы заманбап техникалар менен камсыз кылынган. Кызыккан сабакты академиялык деңгээлде үйрөнүүгө толук мүмкүнчүлүк бар. Дене тарбия жана маданий иштерге абдан өзгөчө маани берилет.

- Келечектеги максаттарыңыз...

- Буюрса 10-классты бул жактан ийгиликтүү аяктап, Кыргызстандан 11-классты бүтүрүп, кайрадан АКШга же Европага барып жогорку окуу жайларга тапшырам. Ал үчүн бул жактан жогорку окуу жайларга өтүү системасын анализдеп жатам. Эң негизгиси ата-энемдин эмгегин актап, элиме керегим тийсе дейм. Бала кезимен окууга шарт түзүп, акыл кеңешин айтып келген ата-энеме ыраазымын.

- Америкада кимдикинде жашайсыз?

- Азыркы убакта мени бул жерде кабыл алган үй-бүлөнүн үйүндөмүн. Үйдө 4 киши турабыз. Бул жердеги атам менчик университеттердин биринде финансист, апам баалуу таштар менен жасалган зер буюмдардын дизайнери. Ал эми эжем мен окуган колледжде 11-класста окуйт. Дагы бир эжем бар, бирок ал башка шаарда университетте окугандыгы үчүн ошол жерде жашайт. Майрамдарда жана эс алуу учурунда жолугуп турабыз. Андан сырткары үйдө 3 итибиз бар. Башында аларга көнө албай жүрдүм эле, азыр көндүм. Аларды абдан жакшы көрүп калдым. Үчөөнүн тең ар башка мүнөзү бар. Жакшы үйрөтүлгөн, боорукер жаныбарлар.

IMG-20171201-WA0004

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2448
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
DG_BEK
21:21, 01 декабря 2017



Нет аватара
DG_BEK
18:30, 01 декабря 2017
Azamatsyn kyzym..Omurun uzun bolsun..okuunda iygilikter koshtop,oilogon maksattaryn orundalsyn,altynym..! Biz seni menen siymiktanabyz..
Нет аватара
DG_BEK
18:23, 01 декабря 2017
Azamatysn kyzym..Omurun uzun bolsun,okuunda iygilikterdi kaalaimyn..Oylogon maksatyna jet,altynym..!
Нет аватара
DG_BEK
17:26, 01 декабря 2017
Azamatsyn kyzym..Orkonun osup,maksattaryna jet..seni menen siymiktanabyz altynym..!
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:48,   12.12.2017   ( 7 адам окуп жатат)
×