Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Баракелде, Бишкек 02.12.2017 12:11

Видео, фото - 10 жаштагы этникалык кыргыз кытай тилинде «Манас» айтып, элдин оозун ачырды

Turmush -  10 жаштагы этникалык кыргыз Мехмет Кытайда өткөн «Кичинекей чебер менен таанышуу» таланттар сынагында «Манас» эпосунан үзүндү айтып, калыстардын жана көрүүчүлөрдүн колдоосуна ээ болду.

Сынактын Мехмет катышкан видеотасмасын Шанхайдын Dragon TV телеканалынын медиа тобу социалдык түйүндөгү баракчасына жарыялады. Ал сынакта «Манас» эпосунан үзүндүнү кыргыз жана кытай тилинде айтты. Ошондой эле, ал комуз чертип калыстардын жана көрүүчүлөрдүн кол чабуусуна татыды.

Мехмет кыргыздын улуттук кийимдерин кийип чыгып, сахнага шырдак салынган. Ошондой эле, аны улуттук кийим кийген кыз-жигиттер бий менен коштоду. Мехмет Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунда төрөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×