Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-декабрь
69.75    82.26    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Видео — С.Жээнбеков менен Н.Назарбаев кыргыз-казак чек арасын убактылуу ачууну макулдашты

Turmush -  Кыргызстан менен Казакстандын президенттери кыргыз-казак чек арасында 3 тараптуу көзөмөл кылууну макулдашты. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаевдин Белоруссиянын Минск шаарындагы жолугушуусунда белгилүү болду.

Казак президенти кыргыз-казак чек арасы тууралуу айтып жатып, эки өлкөнүн өкмөттөрү иштеп жаткан жол картасынын кабыл алынышы керектигин билдирди. Ал жакын арада жумушчу топтор жолугушуусу керектигин жана жол карта кабыл алынганга чейин чек ара убактылуу ачыла тургандыгын кошумчалады.

Мындан тышкары, чек арада Кыргызстан, Казакстан жана ЕАЭБ тарабынан көзөмөл орнотулат.

«Мындай көзөмөл Кытай менен болгон чек арада да жүргүзүлөт», - деди казак президенти.

Нурсултан Назарбаев буга катар эле кыргыз президенти Сооронбай Жээнбековду Казакстанга расмий иш сапар менен чакырганын билдирди.

«Бардык чарбаны артка таштап, кыргыз менен казактын арасындагы жагдайды талкуулоону келиштик», - деди ал.

Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаев менен бардык маселелер тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бирдиктүү чечимге келишкенин айтты.

«Биз болгон проблемалар боюнча көп нерсени сүйлөштүк. Жол картасы бар, 2 өкмөт азыр иштеп жатат. Ошол иштерди декабрда аягына чыгарабыз. Ошону менен көп проблемалар чечилет. Чек арага ЕАЭБ, казак, кыргыз — 3 тараптан көзөмөл коймой болдук. Эки тараптан тең көп маселелер. Ошолордун баарын чечебиз», - деди Жээнбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 14795
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×