Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Баракелде, Дүйнө 23.11.2017 00:35

15 жылдан берки рейтинг жаңыланды: Эң көп акы алган моделдер кимдер?

Turmush -  Американын Forbes журналы дүйнөдөгү эң көп акы алган моделдердин тизмесин жарыялады. Басылма белгилегендей, 15 жылдан бери биринчи жолу рейтингдин лидери алмашты.

2002-жылдан бери басылма дүйнөдөгү эң көп акы алган модель катары бразилиялык Жизель Бундхенди атап келген. Бул жолу рейтингдин 1-катарын 22 жаштагы америкалык Кендалл Женнер ээледи. Forbes анын бир жылдык кирешесин 22 млн долларга баалады. Ал эми, Бундхендин кирешеси 17,5 млн долларды түздү. Бул көрсөткүчү менен ал рейтингдин 2-катарына жазылды.

Алгачкы үчтүккө 13,5 млн доллар киреше тапкан Крисси Тейген кирди. Бүгүнкү күнгө чейин ал бир да жолу дүйнөдөгү эң кымбат акы алган моделдердин рейтингине кирген эмес. Тизменин авторлору белгилегендей, 2017-жылы Тейген миллиондорду модага тиешеси жок келишимдердин негизинде иштеп тапкан.

Ошондой эле, рейтингге Адриана Лима (10,5 млн доллар), Жиджи Хадид (9,5 млн доллар), Роузи Хантингтон-Уайтли (9,5 млн доллар), Карли Клосс (9 млн доллар), Лю Вэнь (6,5 млн доллар), Белла Хадид (6 млн доллар) жана plus-size модель Эшли Грэм (5,5 млн доллар) кирди.

Басылма белгилегендей, рейтинг моделдердин бир жылда (2016-жылдын 1-июнунан 2017-жылдын 1-июнуна чейин) иштеп тапкан кирешесинин негизинде түзүлдү. Дүйнөдөгү эң көп акы алган 10 моделдин аталган убакыт аралыгында тапкан жалпы кирешеси 110 млн долларга жетет. Белгилүү болгондой, жаңы лидер рейтингдеги жалгыз өзгөрүү эмес. Буга чейинки жылдарда Forbes тизмеге 20 моделди киргизсе, байыл 10 гана модель жазылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×