Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-июнь
Баракелде

«Дүйнө сулуусу-2017»: Жеке компаниянын ээси монголиялык Энхжин 15 финалчынын катарын толуктады (фото)

Turmush -  Монголиялык Энхжин Цэвээндаш «Дүйнө сулуусу-2017» сынагында «Multimedia Award» наамын жеңип алды. Ал ошондой эле, финалга чыккан 15 катышуучунун катарына кирди. Бул тууралуу сынактын расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка караганда, Энхжин «Талант сулуусу» номинациясынын 5 финалчысынын катарына кирип, «Спорт сулуусу» номинациясында 8 кыздын арасында мыктылардын катарын толуктады. Ошондой эле, анын балдар аркылуу адамзатка жардам берүү боюнча долбоору 20 кайрымдуулук долбоордун ичинен эң мыкты деп аныкталды.

Энхжин Цэвээндаш кесиби боюнча дизайнер. Ал Кембридж университетинин искусство тарыхы факультетин аяктаган жана Флоренция институтунун («Эл аралык дизайн») магистр даражасына ээ болгон. Учурда 24 жаштагы сулуу өзүнүн «Eden Design» аталышындагы компаниясын жетектейт.

Бир айга созулган сынактын жыйынтыгы менен «Дүйнө сулуусу 2017» наамын Индиянын сулуусу Мануши Чхиллар жеңип алды. Эл аралык сынак Кытайдын Санья шаарында жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр белгилүү болду.

Бул жылы сулуулуктун ханышасы болгон 20 жаштагы Мануши Чхиллар учурда кардиохирург дарыгери болуу үчүн жогорку билим алып жатат. Ал келечекте Индиянын шаарларындагы чет жактарда медициналык клиникаларды ачууну кыялданат.  

Дүйнө сулуусуна таажыны «Дүйнө сулуусу 2016» наамынын ээси болгон пуэрто-риколук Стефани Дель Валле такты.

Ал эми, сынактын Twitter баракчасындагы расмий маалыматта 2-3-орундарга Андреа Мезе (Мексика) менен британиялык Стефани Хилл татыктуу болгону айтылат.

2

Эл аралык сынакка бул жылы Кыргызстандын атынан катыша турган Бегимай Карыбекова барган жок.

Ал сынак башталгандан кийин социалдык түйүндөгү баракчасына: «Көпчүлүк мени менен кошо тынчсызданып жатышты. Мага да виза алып, сынакка катышамбы деген суроо абдан кызык болду. Тилекке каршы биз жооп күтүп жатканда «Дүйнө сулуусу» сынагы башталып калды. Дайыма мени менен кошо тынчсызданып жана мени колдогон адамдарга, ошондой эле өлкөнүн төртүнчү бийлиги болгон жалпыга маалымдоо каражаттарына ыраазычылык билдирем. Кайгырып жатам, бирок бул абал мага күчтүү болууга түрткү берет», - деп жазган.

Бегимай Карыбекова

 Сынактагы сүрөттөр интернеттен алынды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3586
Көп окулду
×